Аба ырайы: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында түнкүсүн кар жаайт

Жазылуу
Жолдор тайгак болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Эртең түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, күндүз күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, дүйшөмбүдө Бишкек менен Ош шаарларын ала булут каптап, кечкисин кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

"Бишкек шаарында 1 градус жылуу болсо, Ошто 4 градуска чейин жылыйт", — деп жазылат маалыматта.

Нарын облусунун айрым райондорунда кар жаап, абанын температурасы түнкүсүн 15…20 градус суук болсо, күндүз 7…12 градус жылуу болот. Ысык-Көлдүн айрым аймактарында дагы кар жаайт. Абанын температурасы кечкисин сегиз градуска чейин суук болсо, күндүзү төрт градус жылуу болот.

Ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 7 градуска чейин төмөндөсө, күндүз беш градуска чейин жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0