ИИМ: эгемендүүлүк алганы Кыргызстанда мечиттин саны 70 эсеге көбөйдү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМечит. Архив
Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин маалыматына караганда, мечиттердин үчтөн эки бөлүгү өлкөнүн түштүгүндө курулган. Мындай өсүш акыркы 16 жылдын ичинде байкалган.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Акыркы 26 жылдын ичинде Кыргызстандагы мечиттердин саны 70 эсеге көбөйгөнү тууралуу ИИМдин Теологиялык бөлүмүнүн 10-башкы башкармалыгынын начальниги Эрлан Бакиев билдирди. 

Анын айтымына караганда, учурда өлкөдө 2743 мечит иш алып барып жатат. Ал эми Советтер Союзу учурунда 39 гана мечит болгон. Бакиевдин маалыматында, Кыргызстандагы мечиттер 2000-жылдардан тарта курула баштаган. 

"Түштүк аймактарда жайгашкан мечиттер өлкөдөгү мечиттердин 68 пайызын түзөт. Мындан тышкары, бизде 76 медресе менен тогуз диний окуу жай бар", — деп белгиледи Бакиев. 

Ошондой эле өлкөдө 365 христиан багытындагы чиркөө бар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0