Ноябрь айында өлкө боюнча Куран жарышы өтөт

Жазылуу
Аталган сынакка катышуу үчүн Чүй облусунда тандоо туру 20-октябрга белгиленген.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Ноябрь айында өлкө боюнча Куран жарышы өтөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган сынак Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулуп жатат. 

"Аталган конкурска Чүй облусунан катышуучуларды тандап алуу үчүн 20-октябрь күнү Чүй районундагы "Шабдан-Ата" мечитинде жарыш өтөт. Андан уткандар республикалык сынакка жолдомо алат", — деп жазылат маалыматта. 

Куран конкурсу 10-12-ноябрь күндөрү өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0