Кыргызстан National Geographic-2016 сынагында алдыңкы беш сапка илинди

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүФестиваль народного и прикладного искусства "Кыргыз Шырдагы"
Фестиваль народного и прикладного искусства Кыргыз Шырдагы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган сынак 8-сентябрдан 6-ноябрга чейин уланат. Анда Кыргызстан "Эко эс алуу" сынагында ат салышууда.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстан National Geographic Traveler Awards — 2016 сынагында алдыңкы бештикте бара жатат.

Интернет аркылуу добуш берүү www.nat-geo.ru/ngt-awards-2016/nomination дареги аркылуу өтүүдө. Аталган сынак 8-сентябрдан 6-ноябрга чейин уланат. Анда Кыргызстан "Эко эс алуу" сынагына катышып, учурда алдыңкы бештикке кирди. 

Биздин өлкө менен катар эле Россия, Исландия, Финляндия жана Норвегия мамлекеттери ат салышууда.

Кыргызстандын кайсыл жерине барып, кантип эс алыш керектигин Sputnik агенттигинин материалынан окуп, көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0