Депутаттар кызматтык батирден чыкпай турган болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовАчкыч менен эшикти ачуу. Архив
Ачкыч менен эшикти ачуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маселе кызуу талкууга жем таштап, ага кызматтык батирде жашаган депутаттар кескин сын айтышты.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Депутаттар кызматтык батирден баш тартуу боюнча мыйзам долбоорун колдогон жок. 

Демилгени "Республика — Ата-Журт" (РАЖ) фракциясынын депутаттары жазып чыккан. Ага ылайык, депутаттар кызматтык батирден баш тартуусу керек болчу. 

Аталган мыйзам долбооруна 52 депутат "макул", 60 депутат "каршы" добуш берди.

Аталган маселе каралып жатканда депутаттар арасында кызуу талкуу жүрүп, көпчүлүгү кескин сын айтышкан. 

Ал эми "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы экенин, башында депутаттар артыкчылыктардан баш тартууга макул болгонун, эми өз позицияларынан кайтып жатканына кейиди. Депутат кесиптештерин аталган мыйзам долбоорун кайрадан карап, добушка коюуга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0