Май айында Кыргызстанда 1200гө чукул өрт кырсыгы катталган

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүОт өчүрүүчү. Архив
От өчүрүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик өрткө электр жабдуусун пайдалануу эрежелеринин бузулушу, меш жана морлорду туура эмес колдонуу, отко болгон этиятсыз мамиле, балдардын шоктугу себеп болорун белгилейт.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Май айында республикада 1199 өрт кырсыгы катталганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өрт кырсыгы 4,8 пайызга жогорулаган. Ал эми андан 38 адам каза болуп, 32 киши жабыркаган, анын ичинде эки бала бар.

"Бир айдын ичиндеги өрт кырсыгы 381 миллион сомдук материалдык зыянга учураткан. Куткаруучулар 82 адамдын өмүрүн сактап калууга үлгүрүшкөн", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик өрткө көбүнесе электр жабдуусун пайдалануу эрежелеринин бузулушу, меш жана морлорду туура эмес пайдалануу, отко болгон этиятсыз мамиле, балдардын шоктугу себеп болорун белгилейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0