Мамлекеттик менчик объектилердин жарымын соодалашуусуз ижарага берүү сунушталууда

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүИжарага берилип жаткан имарат. Архив
Ижарага берилип жаткан имарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы мыйзамга ылайык 70 чарчы метр аянттагы мамлекеттик объектилер ижарага ачык сынактын негизинде гана берилет.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнү оптимизациялоо" тууралуу өкмөттүн токтом долбоору боюнча мамлекеттик менчик объектилердин жарымын ижарага соодалашуусуз берүү сунушталып жатат. 

Токтом долбоордун демилгечиси болгон Экономика министрлиги 2015-жылдан тарта мамлекеттик менчик объектилер ижарага ачык соодалашуунун негизинде берилип келгенин эскертет.

"Бирок соодалашууну жүргүзүү өтө көп убакытты талап кылат. Жарнактарды чыгарууга да каражат керектелет. Буга ылайык соодалашуу процессин 150 чарчы метр аянттан көп жерди ээлеген объектилерге гана өткөрүүнү сунуштайбыз", — деп токтом долбоордун негиздеме катында жазылат. 

Мындан тышкары, ижаранын мөөнөт чегин эки жылдан үч жылга узартуу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0