12:08 18 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.8305
  • EUR78.3044
  • RUB1.0857
Женщина за чашкой чая. Архивное фото

Кыргыз дипломатиясы: чайлашуунун 15 мааниси

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
61241

Түз мааниде алганда деле кыргыздардын чайсыз жашоосу жок. Андан сырткары чай менен маселе чечүү же алака-катнашты аныктоо, жөнгө салуу кыргыз коомуна сиңип калган маданияттын бир түрү. Чайга чакырып ири чатакты чечсе болот, ошондой эле мамилени муздатып коюу үчүн бир чыны чай жетиштүү.

Sputnik Кыргызстан төмөндө алыш-катыш маданиятынын бири болгон чайлашуунун он бештен ашуун маанисине токтолду.

Жолугуп чай ичели — сиз менен жолугуп, кенен маек куралы. Шашпай отуруп сүйлөшөлү дегенди түшүндүрөт.

Чай үстүндө сүйлөшөлү — формалдуу эмес маек. Өз адамдар менен сыр төгүшүү, маектешүү. 

Чайга чакыруу — чоң маселелерди чечүү үчүн жасалат. Ким чайга чакырса, маселени чечүүгө ошол адам кызыкдар болот. Кыргыз саясатында чоң кызматтар чай үстүндө чечилери айтылып келет. 

Мен сизди чайга чакырам — бирөөгө ыраазычылык билдирүү. Рахмат айтуунун белгиси. Сый билдирүү, коноктоо болуп эсептелет. 

Чай карыз болдум — жарашуу максатында болушу мүмкүн. Бир адамды таарынтып, же андан кечирим суроо керек болсо чайга чакырылат. 

Конокторго чай куюп, үй ээси өзүнө куйбай койсо — келгендердин батыраак кетүүсүн каалап жаткан белгиси. 

Келген конокко чайга чакырбай койсо же муздак чай куйса — жактырбагандыктын белгиси. 

Чайды толтура куюу — ушул чыныны ичип бүтүп, кете бериңиз деген белги. 

Чайлашуу — шерине өткөрүү. Жоролор, санаалаштар кезектешип чайлашып, бири-бириникине конок болушат.

Чай ичип кетпейсиңби — шашпай отурбайсыңбы деген маани. 

Чайга кара — алагды болбо, дасторконго көңүл бур деген кеп. 

Чай алып кел — дастаркон жай дегенди түшүндүрөт.

Чай кайнам — убакыт чен-өлчөмү катары колдонулат. Болжол менен 15-20 мүнөт. 

Чай-пайы бар бекен?— Азык-түлүгү, тамак-ашы бар болду бекен? Конок тосконго дарамети жетеби?

Өзүбүзчө чай ичели — өзгө кетип, өзүбүз чай ичели. Бир үй-бүлө, же бир туугандар отуруп маектешүү, чоң аш-тойду жыйынтыктоо.

Тема боюнча

Кайын-журтуна сиңе албай жаткан келиндер же кыргыз кыздары жөнүндө маек
Элдик жөрөлгөлөрдөн. Күзгүңө башканы каратпа…
Белгилер:
каада-салт, улут, дипломатиялык мамиле, чай

ЭҢ МААНИЛҮҮ