Кыргызстандыктар керт башынын коопсуздугунан көр оокатты артык көрөт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКамсыздандыруу күбөлүгү. Архив
Камсыздандыруу күбөлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар өмүрү менен ден соолугуна караганда мүлкүн үч эсе көп камсыздандырат.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктар жеке коопсуздугуна караганда мүлкүн камсыздандыруу үчүн үч эсе көп каражат жумшай турганын Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү биринчи жарым жылдыгында керт башын камсыздандырууга 49 миллион сом жумшалган. Ал эми мүлккө корогон акчанын көлөмү 123 миллион сомду түзөт.

Жалпы жонунан жыл ичиндеги камсыздандыруу төлөмдүн көлөмү 294 миллионго жеткен. Ал эми былтыр бул көрсөткүч 217 миллион сомдун чегинде болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0