Кыргызстанда биринчи ирет шахмат боюнча Азия чемпионаты өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековВсе профессии нужны, все профессии важны!
Все профессии нужны, все профессии важны! - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш швейцариялык система менен ойнолуучу тогуз партиядан турат. Чемпионаттын жеңүүчүлөрү 11-октябрда белгилүү болот.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаарында 20 жашка чейинки уландар жана кыздар арасында шахмат боюнча Азия чемпионаты баштала турганын аталган спорт түрү боюнча федерациянын президенти Милан Турпанов билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда биринчи ирет өтөт турган ири мелдеш саат 13.00дө "Jannat Regency" отелинде башталат.

"Чемпионатка катыша турган шахматчылардын басымдуу бөлүгү Кыргызстандан. Мелдешке сегиз мамлекеттин 40 өкүлү биринчилик үчүн күч сынашат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мелдеш швейцариялык система менен ойнолуучу тогуз партиядан турат. Чемпионаттын жеңүүчүлөрү 11-октябрда белгилүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0