Сариева КМШ боюнча Билим берүү кеңешинин теңтөрагасы болуп шайланды

© Фото / Турарбек ОмуралиевБилим берүү жана илим министри Эльвира Сариева. Архивное фото
Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында Сариева сөз сүйлөп, күн тартибиндеги маселелер боюнча Кыргызстандын билим берүү тармагындагы абал тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, министрдин демилгеси менен Ысык-Көлдө 2016-жылдын сентябрь-октябрь айларында студенттердин жана магистрлердин эл аралык форумун өткөрүү макулдашылды.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдө 2016-жылдын сентябрь-октябрь айларында студенттердин жана магистрлердин эл аралык форуму өтө турганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Диний окууга берилген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариева: мектептен алган билим менен диний окууларды айырмасын ажыратып билүү керек
Маалыматка ылайык, билим берүү жана илим министри Элвира Сариева 9-сентябрда Астана шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин билим берүү боюнча кызматташуу Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

КМШ алкагында 2016-жыл — Билим берүү жылы деп белгиленгендиктен, жыл сайын өтүүчү бул жыйында министрлер аткарылчу иш-чаралардын планын талкуулашты. 

Жыйында Сариева сөз сүйлөп, күн тартибиндеги маселелердин Кыргызстандын билим берүү тармагында чагылдырылышы тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, Кеңеште министрдин демилгеси менен Ысык-Көлдө 2016-жылдын сентябрь-октябрь айларында студенттердин жана магистрлердин эл аралык форумун өткөрүү макулдашылды.

Ошону менен бирге кеңештин чечими менен билим берүү жана илим министри Элвира Сариева 2016-жылга КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү жаатындагы кызматташуу боюнча Кеңештин теңтөрагасы болуп шайланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0