Күйдүргү дартына шектелгендерден оору аныкталган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековАналоиз иштерин текшерүү. Архив
Аналоиз иштерин текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күйдүргү дартына шектелип, Аксы районуна жаткырылган сегиз кишинин бирөөсүнөн да оорунун белгилери аныкталган жок.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Аксы райондук ооруканасына күйдүргү дартына шектелип жаткырылган сегиз кишинин бирөөсүнөн да оорунун белгилери аныкталган жок деп ооруканадан билдиришти.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйдүргү дартына шектелгендердин абалы дурус
8-июлда Аксы райондук ооруканасына күйдүргү дартына шектелген сегиз жаран жаткырылган. Алар ооруган уй менен жылкы союшкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, союлган малдын эти таркатылып кеткен. 

Шектүү жарандардан анализдер алынып, Жалал-Абад облустук жана Бишкек шаардык Республикалык ветеринардык лабораторияга тастыктоого жөнөтүлгөн. Жалал-Абад облусунан келген анализдин жыйынтыгына ылайык, шектелген жарандардан күйдүргү дарты табылган эмес.

"Эми Бишкек шаарына жиберилген анализдердин жыйынтыктарын күтүп жатабыз", — деп билдиришти райондук ооруканадан.

Учурда алардын абалдары жакшы, керектүү дары-дармектерди алып жатканын ооруканадан кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0