Ошто согуш ардагерлери Жеңиштин 70 жылдыгына 70 арча тикти

© Фото / пресс-служба Мэрия города ОшОшто согуш ардагерлер Жеңиштин 70 жылдыгына 70 арча тикти
Ошто согуш ардагерлер Жеңиштин 70 жылдыгына 70 арча тикти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Жеңиштин 70 жылдыгына карата 70 арча тикти.

БИШКЕК, 18-мар. – Sputnik. Ош шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына 70 түп арча көчөтү отургузулду. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын мааалымат кызматы билдирди. 

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов, Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери, мекеме-уюмдун жетекчилери жана жаштар катышты.

Шаар мэри Кадырбаев күндөн күнгө катары азайып бара жаткандыктан, ардагерлердин атын келечек муундарга таанытуу максатында уюштурулгандыгын, ал жерге эс алууга келген жаштар алардын ысымдарын ардактап окуп, эске сактап калат деген ишенимин билдирди. 

"Бүгүнкү бактылуу жашоонун кадырын барк албай жаткандай туюлабыз. Улуу Жеңиштин кадыр-баркын ардагер аталарыбыз менен тылда эмгектенген ардагер апаларыбыз абдан жакшы билишет. Анткени алар кымбат жаштык кезин, оттой оюн курагын кан майдан менен тер жыттанган талааларда өткөрүшкөн. Ардерлерибиздин согуштагы эрдиктерин, тынчтыктагы эмгек издерин түбүлүккө калтыруу, даңазалоо максатында ар бир отургузулган арчаларга согуш ардагерлеринин менчик белгисин калтыруу менен алар басып өткөн жол туурасында баяндамалар жазылмакчы", — деди Кадырбаев.

Ош шаарында учурда Улуу Ата Мекендик согуштун 26, тылдын 55 ардагери жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0