Башкыртстанда каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү мекенине жеткирилди

© Фото / cercamonГород Ош
Город Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкыртстанда каза болгондордун сөөгү кичи мекени Ошко жөнөтүлдү, андан сырткары дагы бир жарандын абалы оор бойдон калууда.

Бишкек, 9-фев. Sputnik. Башкыртстанда жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү мекенине жеткирилди деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы. 

Башкырстандагы жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктын абалы оор
5-февралда түндө Башкыртстан Республикасынын Октябрь шаарында ири жол кырсыгы болгон. ӨКМдин маалымат кызматынын маалыматында "Газель" үлгүсүндөгү кичи автобус жолдун маңдайына чыга калып, оор жүктөрдү ташуучу "Вольво" автоунаасы менен кагышкан. Анын кесепетинен, кыргызстандык беш жаран каза болуп, экөө оор жаракат менен Октябрь шаардык №1 ооруканага жаткырылган. 

КРдин Россиядагы элчилиги буга чейин каза болгондордун сөөгүн мекенине алынып келе жаткандыгын, дагы бир кыргызстандык жарандын абалы оор бойдон калып жаткандыгын кабарлаган. 

ӨКМдин маалыматына караганда, сөөк салынган кичи автобус дүйшөмбү күнү таңкы 05.50дө Кыргызстандын аймагына келип, жерге берүү үчүн андан ары Ош шаарына жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0