Стамбулдун клубунда тирүү калган жаран: мага ок чыгарса дагы кыймылдаган жокмун

© REUTERS / OSMAN ORSALОкуя болгон жердеги тез жардам автоунаалары
Окуя болгон жердеги тез жардам автоунаалары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык Жейк Раак Стамбулдагы түнкү клубда болгон теракт учурунда жаракат алган. Ал кантип тирүү калгандыгын ЖМКларга айтып берди.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. АКШнын жараны Жейк Раак Стамбулдагы түнкү клубда теракт жасалган күнү ошол жерде болгон. Ал өлүмүш болуп койгону үчүн тирүү калганын бир тууганы Майкл экөө NBC10 телеканалына айтып бергенин РИА Новости жазып чыкты. 

Күбөнүн бир тууганы Майклдын айтымында, Жейкти өлүмдөн анын мобилдик телефону сактап калган. Себеби чыгарылган ок санга тийгенде негизги артерия жабыркамак. Бирок бактыга жараша, уюлдук аппаратка тийген ок кайып кетип тизесине тийген. 

Анткен менен Жейк Раак өлүмүш болуп жатып калганы үчүн “тирүү калдым” деп ишенет. 

“Террорчу мени көздөй ок чыгарганда такыр кыймылдаган жокмун. Ага мени карай ок чыгарууга жол бердим. Мындай учурда өзүңдү тынчтандырууга аракет жасаш керек”, — деди күбө. 

Нападение на ночной клуб в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдагы теракт жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" өз мойнуна алды
Стамбулдагы Reina түнкү клубуна жаңы жыл түнү куралдуу кол салуу болгон. Террорист клубду кайтарган полиция кызматкерин атып салган. Андан кийин 700 адам эс алып жаткан клубга кирип барып элди карай ок чыгарган. Түркиянын ИИМнин маалыматына караганда, 39 адам каза таап, 69 жаран ар кандай жаракат алган. Кол салган жаран азыркыга чейин изделип жатат.

Рейтер агенттигинин маалыматына ылайык, терактынын жоопкерчилигин “Ислам мамлекети” террордук уюму өз мойнуна алган

Жаңылыктар түрмөгү
0