12:04 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Фидель Кастрону эскерүү зыйнатына келген Гавананын жашоочулары

Гавана шаарына Фидель Кастрону эскерүүгө 1 миллиондой адам келди

© REUTERS / CARLOS GARCIA RAWLINS
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Кубанын мурдагы лидери Фидель Кастро каза болду (7)
84 0 0

Коштошуу зыйнатына Латын Америка менен дүйнөнүн дагы башка мамлекеттеринен келген саясатчылар катышкан.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Фидель Кастрону эскерүү зыйнатына 1 миллионго жакын адам келди. Ал Гавана шаарында өтүп, адамдардын узакка созулган кезекке туруусу менен коштолду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Куба революциясынын лидери Фидель Кастрону эскерүү иш-чарасына Латын Америка менен дүйнөнүн дагы башка мамлекеттеринен келген саясатчылар катышкан. Ал эми россиялык делегацияны мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин жетектеп барган. 

Аза күтүү иш-чарасында 18 адам сөз сүйлөп, Кубанын лидери Рауль Кастро жыйынтыктаган. Ал өз сөзүндө кубалыктар жеңиш үчүн күрөшүүнү токтотпой тургандыгын белгилеген. 

Муркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 4-декабрда болот.

Эске сала кетсек, кубалык революционер 90 жашында дүйнө салган.

Тема:
Кубанын мурдагы лидери Фидель Кастро каза болду (7)

Тема боюнча

Фидель Кастронун өлүмүнөн улам Алжир, Никарагуада бир нече күн аза күтүү жарыяланды
Фидель Кастрону акыркы сапарга узатуу зыйнаты 4-декабрга белгиленди
Белгилер:
узатуу, Фидель Кастро, Куба

ЭҢ МААНИЛҮҮ