00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Афганистан, геополитика и водные ресурсы - политолог о ключевых процессах и политике Запада в Центральной Азии
14:08
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
15:04
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Голос предков: как менялась музыкальная культура кыргызов по обе стороны Алтая
16:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Дени сак бала — тынч ата-эне: күчтүү иммунитеттин сырлары
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новый перечень жизненно важных лекарств — фармаколог о том, что изменится для пациентов и больниц
18:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргызстанда алгачкы медициналык “Дарыгер” сериалы тартылды
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Структура личности
Сибирская аграрная наука и Кыргызстан — совместные лаборатории и технологии для АПК
20:07
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
21:10
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Премьер-министр Темир Сариев майып кызды куткарам деп чөгүп кеткен Исмаевдин үйүнө барды

Жазылуу
Темир Сариев мүмкүнчүлүгү чектелген кызды куткарам деп өзү чөгүп кеткен Памир Исмаевдин Чүй облусунун Ленин айылында жашаган үй-бүлөсүнө барып 110 миң сом берди. Өкмөт башчы үй-бүлөнүн мындан кийинки жашоосун жеке көзөмөлгө алары туурасында айтканын маалымат кызматтын жетекчиси Назира Ахмедова билдирет.

Жолугушуу учурунда премьер-министр үйдүн ремонтуна жана балдардын кийим-кечеси үчүн өз чөнтөгүнөн дагы 100 миң сом бере турганын билдирди.

Сариев Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевге тез арада үй-бүлө үчүн жөлөк пул төлөө боюнча бардык аракеттерди көрүүнү, ал эми жергиликтүү бийлик органдарына Исмаевдин балдары үчүн бала бакча төлөмүн 50 пайызга кыскартуу жагын караштырууну тапшырды.

"Премьер-министрдин айтуусу менен учурда жергиликтүү бюджеттен балдарга 18 жашка чейин ай сайын акча бөлүү тууралуу сунуш даярдалып жатат", — деди маалымат кызматынын жетекчиси.

Кызды суудан куткарып, өзү чөгүп кеткен Исмаевдин энесине ӨКМ "Каарман" төш белгисин тапшырды
Памир Исмаевдин энеси Уулкыз Апсатарова алардын үйүнө премьер-министр өзү келерин күтпөгөнүн айтып, Сариевге ыраазычылык билдирди.

Кырсык 17-августта Ысык-Көлдүн Григорьевка айылында болгон. Көл жээгинде майып кыздын сууга чөгүп жатканын көрүп 29 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Памир Исмаев жардам берүүгө шашылган. Тилекке каршы, кызды куткарып, бирок өзү чөгүп кеткен. Анын сөөгү сегиз күндөн кийин табылган. Исмаевдин артында төрт баласы жана ай-күнүнө жетип турган келинчеги калган

Буга чейин Исмаевдин энесин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Каарман" төш белгиси менен сыйлаганы маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0