Исмаевдин бүлөсүндөгү эрдиктен кийинки жашоо, өкмөттүн көз жаздымында калган бөбөктөр

Жазылуу
Памир Исмаевдин таежеси Калбүбү Апсатарова

Чөгүп бара жаткан дудук кызды сактап калып, бирок өзү суудан чыга албай калган Памир Исмаевдин артында чиедей төрт баласы жана ай-күнүнө жетип турган келинчеги калды деп билдирди анын апасы Уулкыз Апсатарова.

Берег Иссык-Куля. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Григорьевкада сууга чөгүп кеткен Исмаевдин сөөгү Чок-Талдан табылды
Кырсыктуу окуя ушул жайдын 17-августунда Ысык-Көл облусундагы Григорьевкага жакын жерде болгон. 29 жаштагы Исмаев дудук кызды сактап калып, бирок өзү чөгүп кеткен.

Памирдин улуу уулу алты жашта, ал эми кичүүсү бир жашка толду. Келинчеги да Памирдин өзүндөй тубаса дудук.

Каза болгон жигиттин туугандарынын айтымында, ал үй-бүлөсүн Бишкектин көчөлөрүндө калем сап менен сувенир-таш бакаларды сатып оокат кылчу экен.

Ал эми Памир өлүмдөн алып калган кыздын өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбой жатат, болгону аты Мээрим экенин билдик. Туугандары "бул окуяга өзүн күнөөлүү сезип жаткандыктан" комментарийден баш тартып, тынчын албоону суранышты.

Маркумдун сөөгү кырсыктан он күн өткөндөн кийин, 25-августта "Дельфин" жана "Витязь" эс алуу жайларынын ортосунан жергиликтүү тургундар тарабынан табылган. Окуя болгон күндүн эртеси премьер-министр Темир Сариев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Памир Исмаевдин үй-бүлөсүнө мамлекеттик көмөк көрсөтүүнү тапшырган. Бирок анын туугандары мамлекет тарабынан эч кандай жардам алышпагандын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0