29-ноябрда, эртең мененки саат сегиз жарымдар чамасында борбор калаанын 7-кичи районунда өрт чыгып, мектеп жана чиркөө өрттөнүп, андан соң көп кабаттуу үйгө жармашкан. Тез жардам кызматы кырсыктан жабыркагандар жок экенин билдирди.