Руслан Түмөнбаевдин ордун Жанарбек Кенжеев ээледи

© AFP / MENAHEM KAHANAБалбан Жанарбек Кенжеевдин архивдик сүрөтү
Балбан Жанарбек Кенжеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурда бул кызматты 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Руслан Түмөнбаев ээлеп келген.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучусу, балбан Жанарбек Кенжеев спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди. 

Буга чейин аталган кызматты 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болгон Руслан Түмөнбаев ээлеп келген. 

Кыргызстандык грек-рим күрөш балбаны Айсулуу Тыныбекова олимпиядалык оюндарда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сабак алчу спорттук жыл: Олимпиададан Көчмөндөр оюнуна чейин
31 жаштагы Кенжеев Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери болуп эсептелет. Ал Азиянын кадеттер арасындагы чемпиону, Азия биринчилигинин күмүш жана коло байгелеринин ээси жана 2004-жылы Афинада, 2016-жылы Риодо өткөрүлгөн Олимпиада оюндарынын катышуучусу. 

Кенжеев Риого барарда организминен мельдоний табылып, былтыркы жылдын май айында олимпиадалык лицензиясынан кол жууп калган. 

Лицензияны спортчу июль айында гана кайтарып алып, Риодогу Олимпиада оюндарына катышып, бирок алдыңкы орунду багынта албай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0