КР футбол курама тобу FIFA рейтингинде артка жылышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын футбол курама тобунун эң мыкты көрсөткүчү 99-орун. Бирок дүйнөлүк рейтинг табелинде курама топ 127-орунга жылуусу болжолдонуп жатат.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. football-rankings.info сайты ноябрдагы FIFA рейтингинде Кыргызстандын футбол курама тобу 28 орунга артка жыларын божомолдоп жатат. 

Ошский футбольный клуб Алай победил Нарынский Ата-Тоо - Sputnik Кыргызстан
"Алай" командасы кайрадан Кыргызстандын чемпиону аталды
Улуттук команда үстүбүздөгү жылдын апрель айында 100-орунду ээлеп өздүк рекорд жасап, кийинчерээк позициясын жогото баштаган. Бирок курама топ октябрь айында 99-орунга жылып рекордду жаңылаган

Бул сапар аталган сайт Кыргызстандын футболчулары 28 позицияга артка кетип, 127-орунду ээлей турганын болжолдоп жатат. 

FIFA рейтинги 24-ноябрда жаңыланат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0