БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстандын фтубол боюнча курама командасы Футболдун эл аралык федерациясынын (FIFA) рейтингинде рекордун жаңылады.
Федерациянын расмий сайтында команда 99-орунга чыгып, апрелде койгон (100-орун) рекордун жаңылаганы айтылат.
Ливан (0:0) жана түркмөн (1:0) командалары менен болгон оюндан КР футболчулары 343 упай топтогон.
Рейтингдин алдыңкы сабында Аргентина, Бельгия жана Бразилия турат.
Ал эми Борбордук Азия алкагында биринчи болуп Өзбекстан (48-орун) жана Казакстан (90-орун) турат.
Кыргызстандан кийин Түркмөнстан (114-орун) жана Тажикстан (140-орун) бар.
Айдын мыкты командасы болуп 49 сапка көтөрүлүп 56-орунга чыккан Черногория командасы аталды. Ал эми начары 52-сапка төмөндөп 139-орунга түшүп калган Кипрдин командасы болду.