"Манас" аэропорту жакка кулаган учактын учкучтарынын аты белгилүү болду

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуТела погибший при крушении самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта "Манас"
Тела погибший при крушении самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экипаждын бардыгы Түркиянын жарандары болгон. Учкучтардын бирөө буга чейин АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондон сыйлык алган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кулап түшкөн Boeing-747-400F учагынын ичинде төрт учкуч болгонун Түркиянын Hurriyet басылмасы билдирди. 

Экипаждын бардыгы Түркиянын жарандары экени аныкталды. Учактын капитаны Ибрагим Гүржан, экинчи учкуч Казым Өндүл жана жүк ташуучулар Мелих Ослан менен Ихсан Кожа болгон.

Бактыгүл Кубатова: үйүбүз түп-орду менен жок, кантип аман калганыбызды билбейм - Sputnik Кыргызстан
Жабырлануучу Кубатова: үйдүн үстү урай баштады, баламды чүмкөп калууга араң жетиштим
Басылманын билдиришинче экинчи учкуч Казым Өндүл 2009-жылы Афганистанда кызмат кылган жана ошол учурдагы АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон тарабынан ишин мыкты аткаргандыгы үчүн сыйланган.

Экипаж мүчөлөрүнүн бардыгы каза болгон.

MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы эртең менен саат 7.30дар чамасында "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Ал чартердик каттам аркылуу Turkish Airlines авиакомпаниясынын жүгүн ташып келе жаткан.

ӨКМдин акыркы маалыматы боюнча учактын кулашынан 34 киши каза болуп, 23 үй жабыркаган.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0