ТИМ: Берлинде жүк ташуучу унаа элди тебелеп кеткен окуяда КР жарандары болгон эмес

© REUTERS / Fabrizio BenschНаезд грузовика на посетителей рождественской ярмарки в Берлине
Наезд грузовика на посетителей рождественской ярмарки в Берлине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүк ташуучу унаа элди тебелеп, сатуу павильондорун кулата каккан. Немис полициясы бул чабуул атайылап жасалганын билдирди.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Алдын ала маалыматтарга караганда Берлиндеги жүк ташуучу унаа элди тебелеген каргашалуу окуядан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын жок экенин КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Российское посольство в Анкаре - Sputnik Кыргызстан
Анкарадагы РФ элчилиги жайгашкан көчөгө өлтүрүлгөн элчи Карловдун аты коюлат
19-декабрда кечээ кечинде саат 20лар чамасында Германиянын Берлин шаарынын Шарлоттенбург районунда майрамдык жарманке болуп аткан жерге жүк ташуучу унаа кирип, элди тебелеп кеткен. Жыйынтыгында 12 киши каза болуп, 48 адам жаракат алган.

Полиция кырсык атайылап жасалганын айтканы менен аны теракт деп атаган жок. Айдоочу эмнени максат кылганы аныктала элек. Унаанын ичиндеги адамдардын бири кармалып, экинчиси каза болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0