Ошто тумандан улам үч күндөн бери авиакаттамдар кармалып турат

© Фото / Зульфия ТургуноваЗадержание 11 авиарейсов в аэропорту Оша
Задержание 11 авиарейсов в аэропорту Оша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда сегиз каттам кармалып, Россиядан келе жаткан учактар Бишкекке конууга аргасыз болду.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Ошту каптаган туман сегиз авиакаттамдын кармалышына себепкер болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Манас" эл аралык аэропорту" ишканасы билдирди.

Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан КМШ мамлекеттери ичинен Европанын кара тизмесиндеги жалгыз өлкө болуп калды
Бишкектен Ошту көздөй бара турган беш авиакаттам кармалып турат. Мындан тышкары, Екатеринбург — Ош каттамы менен келе жаткан бир учак жана Москва — Ош каттамы менен келе жаткан эки учак Бишкектеги "Манас" аэропортуна конууга аргасыз болду. Учурда бардыгы болуп сегиз авиакаттам кармалып турат. 

Бул түштүк борбордо туман авиакаттамдардын кармалышынга себепкер болгон алгачкы учур эмес. Жекшемби күнү 11 учак кечигүү менен асманга көтөрүлсө, ишемби күнү беш каттам кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0