Ош аэропорту аба ырайына байланыштуу айрым каттамдарды токтотту

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүТуман учурунда аэропортко конуп жаткан учак. Архив
Туман учурунда аэропортко конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба ырайынын бузулушунан улам төрт каттам токтоп калган.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Ош аэропорту аба ырайына байланыштуу айрым учактарды токтотту. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектен Ошко уча турган төрт рейс токтотулган. Кийинчерээк бирөөсү учуп, аман-эсен Ошко конду.

Мындан сырткары Новосибирск — Ош каттамы Бишкектеги аэропортко конду.

Жаңылыктар түрмөгү
0