Картондо уктаган Исхактын үй-бүлөсү турак жайлуу болду

© Фото / Зульфия ТургуноваСемья 3-летнего мальчика Исхака с сертификатом на квартиру
Семья 3-летнего мальчика Исхака с сертификатом на квартиру - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Картондо уктаган наристенин окуясы президент Алмазбек Атамбаевге чейин жетип, өлкө башчы үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоо тапшырмасын берген.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Картондо уктап, коомчулуктун көңүлүнө алынган үч жаштагы Исхактын үй-бүлөсүнө Кара-Суу шаарынан үч бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу наристенин апасы Зульфия Усенова аймактык кабарчыга билдирди.

© Фото / Зульфия ТургуноваКартондо уктап, коомчулуктун көңүлүнө алынган үч жаштагы Искактын үй-бүлөсүнө Кара-Суу шаарынан үч бөлмөлүү батир берилди
Картондо уктап, коомчулуктун көңүлүнө алынган үч жаштагы Искактын үй-бүлөсүнө Кара-Суу шаарынан үч бөлмөлүү батир берилди - Sputnik Кыргызстан
1/6
Картондо уктап, коомчулуктун көңүлүнө алынган үч жаштагы Искактын үй-бүлөсүнө Кара-Суу шаарынан үч бөлмөлүү батир берилди
© Фото / Зульфия ТургуноваЭскерте кетсек, жай айларында соцтармакта Ош облусундагы болжол менен Кара-Суу базарында картондун үстүндө уктап жаткан баланын сүрөтү талкууга алынган
Эскерте кетсек, жай айларында соцтармакта Ош облусундагы болжол менен Кара-Суу базарында картондун үстүндө уктап жаткан баланын сүрөтү талкууга алынган - Sputnik Кыргызстан
2/6
Эскерте кетсек, жай айларында соцтармакта Ош облусундагы болжол менен Кара-Суу базарында картондун үстүндө уктап жаткан баланын сүрөтү талкууга алынган
© Фото / Зульфия ТургуноваКийинчерээк баланын аты Ихсак экени, апасы Зульфия Усенованын төрт баласы бар экени аныкталганмальчика Исхак
Кийинчерээк баланын аты Ихсак экени, апасы Зульфия Усенованын төрт баласы бар экени аныкталганмальчика Исхак - Sputnik Кыргызстан
3/6
Кийинчерээк баланын аты Ихсак экени, апасы Зульфия Усенованын төрт баласы бар экени аныкталганмальчика Исхак
© Фото / Зульфия ТургуноваМындан сырткары, үй-бүлөнүн жашаган жери жана документтери жок болгону белгилүү болгон
Мындан сырткары, үй-бүлөнүн жашаган жери жана документтери жок болгону белгилүү болгон - Sputnik Кыргызстан
4/6
Мындан сырткары, үй-бүлөнүн жашаган жери жана документтери жок болгону белгилүү болгон
© Фото / Зульфия ТургуноваТурак жайдын ачкычын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилиги тапшырды
Турак жайдын ачкычын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилиги тапшырды - Sputnik Кыргызстан
5/6
Турак жайдын ачкычын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилиги тапшырды
© Фото / Зульфия ТургуноваЖаңы үй тиричиликке керектүү буюм жана техника менен жабдылган
Жаңы үй тиричиликке керектүү буюм жана техника менен жабдылган - Sputnik Кыргызстан
6/6
Жаңы үй тиричиликке керектүү буюм жана техника менен жабдылган
1/6
Картондо уктап, коомчулуктун көңүлүнө алынган үч жаштагы Искактын үй-бүлөсүнө Кара-Суу шаарынан үч бөлмөлүү батир берилди
2/6
Эскерте кетсек, жай айларында соцтармакта Ош облусундагы болжол менен Кара-Суу базарында картондун үстүндө уктап жаткан баланын сүрөтү талкууга алынган
3/6
Кийинчерээк баланын аты Ихсак экени, апасы Зульфия Усенованын төрт баласы бар экени аныкталганмальчика Исхак
4/6
Мындан сырткары, үй-бүлөнүн жашаган жери жана документтери жок болгону белгилүү болгон
5/6
Турак жайдын ачкычын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилиги тапшырды
6/6
Жаңы үй тиричиликке керектүү буюм жана техника менен жабдылган

Эскерте кетсек, сентябрда соцтармакта Ош облусундагы болжол менен Кара-Суу базарында картондун үстүндө уктап жаткан баланын сүрөтү талкууга алынган. Кийинчерээк баланын аты Исхак экени, апасы Зульфия Усенованын төрт баласы бар экени аныкталган. Мындан сырткары, үй-бүлөнүн жашаган жери жана документтери жок болгону белгилүү болгон. 

"Турак жайдын ачкычын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилиги тапшырды. Жаңы үй тиричиликке керектүү буюм жана техника менен жабдылган", — деди балдардын апасы. 

Милиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ош ОИИБ: картондо уктаган Исхактын атасы Эрлан эки жылдан бери дайынсыз
Картондо уктаган наристенин окуясы президент Алмазбек Атамбаевге чейин жетип, өлкө башчы үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоо тапшырмасын берген.

Ал эми өткөн айда Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Куттубек Абдылдаев аталган үй-бүлө мүчөлөрүнүн документтери даярдалганын, үч жашар Исхак бала бакчага барып, балдардын баарына жөлөк пул чегерилгенин билдирген.

Жаңы үйлүү болгон Искак тууралуу Sputnik Кыргызстан даярдаган видеодон көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0