Перизат Расулбек кызы "Дүйнө сулуусу" сынагына катышпай калышы мүмкүн
Перизат Расулбек кызы "Дүйнө сулуусу" сынагына катышпай калышы мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
АКШнын элчилиги виза берүүдөн биринчи жолу баш тартып жаткан жок. Буга чейин ардагерлер арасында дзюдо боюнча эки жолку дүйнө чемпиону Шамбетовго жана "Оскар"... 09.11.2016, Sputnik Кыргызстан
АКШнын элчилиги виза берүүдөн биринчи жолу баш тартып жаткан жок. Буга чейин ардагерлер арасында дзюдо боюнча эки жолку дүйнө чемпиону Шамбетовго жана "Оскар" менен "Алтын глобус" кинопремияларына катыша турган "Ата керээзи" кинотасмасынын чыгармачыл тобуна дагы виза бербей койгон.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. "Дүйнө сулуусу-2016" сынагында Кыргызстандын намысын коргой турган Перизат Расулбек кызынын сынакка катыша албай калышы мүмкүн. Буга АКШнын элчилиги виза берүүдөн баш тартып жатканы себеп болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине моделдик долбоорлор компаниясынын директору Таттыбүбү Самидин кызы билдирди.
18 жаштагы Перизат Расулбек кызы бул сынакка катышуу укугун "Кыргызстан сулуусу-2016" сынагын жеңгенден кийин алган.
18 жаштагы Перизат Расулбек кызы бул сынакка катышуу укугун "Кыргызстан сулуусу-2016" сынагын жеңгенден кийин алган. "Дүйнө сулуусу" 110дон ашык өлкөдөн келген сулуулардын катышуусунда 26-ноябрдан 18-декабрга чейин АКШнын борбору Вашингтондо өтөт.
"5-ноябрда ал маектешүүгө барган, бирок ага виза берүүдөн баш тартып коюшуптур. Себебин түшүндүрүшкөн эмес. "Сиз бизди ынандырган жоксуз" деп гана айтышты", — деди Таттыбубу Самидин кызы.
Расулбек кызы виза берилет деген үмүт менен өлкөнүн намысын коргоого дүйнөлүк деңгээлде коргоого үмүттөнүүдө. Ал расмий фотосессияларын даярдап койгон. Ошондой эле командасы менен саламдашуу видеоролигин тартууга жетишип, ал конкурстун расмий сайтына чыккан.
АКШнын элчилигинин маалымат кызматы виза боюнча маселеге комментарий бербей тургандыгын айтышкан.
Бишкектеги АКШнын консулдук кызматы виза берүүдөн баш тартып жаткан биринчи жолку окуя эмес. Бир нече жума мурун визанын айынан ардагерлер арасында дзюдо боюнча эки жолку дүйнө чемпиону Жаркымбай Шамбетов Форт-Лодердейл шаарында (АКШ) өткөн дүйнө чемпионатына катыша албай калды.
Ошондой эле "Оскар" жана "Алтын глобус" кинопремияларына катышып жаткан "Ата керээзи" кинотасмасынын чыгармачыл тобуна дагы виза берүүдөн баш тартышкан.