Фарид Ниязовго Кайгуул милициясы 1000 сом айып салды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРуководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов
Руководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдо өтүп бара жаткандар 14-октябрда Ниязов жана Кайгуул милициясынын турганын сүрөткө тартып алышкан.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовго жол эрежесин бузгандыгы үчүн 1000 сом айып салынды деп билдирди "Akipress Репортер" окурмандарынын маалыматына таянып.

Жол инспекторлору дагы кайсы депутаттын "канын ичкен"?
Автордун маалыматына караганда, сүрөт 14-октябрда Бишкек шаарындагы Байтик баатыр көчөсүнүнөн ("Дастан" ишканасына жакын аймакта) тартып алынган. 

Ниязовго эмне үчүн айып салынганы учурда такталып жатат. Аны Административдик кодекстин 235-беренеси менен жазаланганы белгилүү болду деп жазган басылма. 

Беренеде айдоочулар жол белгилерине, жолдогу чийиндерге, автоунааны ашып өтүү эрежесин бузганда, эл ташып баратканда, андан сырткары эл ташуунун эрежелерин бузганда айып салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0