Чет жердеги кыргыздар Азиз Мурадиллаевдин экинчи операциясына каражат топтоодо

© Sputnik / Жоомарт УраимовАктер Азиз Мурадиллаевдин архивдик сүрөтү
Актер Азиз Мурадиллаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актерго Москвада жасалган биринчи операция ийгиликтүү өттү. Эми ал эки айдан кийин Индиянын клиникаларынын биринде экинчи операциясын жасатышы керек.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Америкада жашаган кыргызстандыктар Азиз Мурадиллаевдин Индияда боло турган экинчи операциясына каражат топтоодо. Айтылганды GoFundMe краудфандинг платформасындагы маалыматтар далилдейт. 

Акыркы маалыматтарга ылайык, учурда 67 кыргызстандык 2269 доллар чогултту. Ал эми операция үчүн 25 000 доллар керек. 

"Достор, актер Мурадиллаевдин Индияда боло турган экинчи этаптагы операциясы үчүн каражат чогултууну улантуудабыз. Кайдыгер карабай үлүш кошууңарды суранабыз"— деп жазылган билдирүүдө. 

Курманжан Датка тасмасында Алымбек датканын образын ийине жеткире аткарган, көз карашы сырдуу жана муңдуу актер Азиз Мурадилаев - Sputnik Кыргызстан
Азиз Мурадиллаев: кастингге эң акыркы барсам да, Алымбек датканын ролу мага буйруптур
Актердун жубайы Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдагандай, дарыгерлердин корутундусуна ылайык экинчи операция эки айдан кийин болушу керек. 

Белгилей кетсек, 38 жаштагы актерге Москвадагы биринчи жасалган операция ийгиликтүү өттү.

Актер "Курманжан датка" фильминде Алымбек датканын ролун аткарганы менен белгилүү. Ошондой эле "Президент жана бомж", "Сүйүү сынагы", "Чиркин өмүр" сыяктуу белгилүү кинотасмаларда роль жараткан. Ал кинодон сырткары 40тай спектаклде ойногон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0