Актер Азиз Мурадиллаевге алгачкы операция жасалды

© Фото / предоставлено Азизом Мурадиллаевым"Курманжан датка" тасмасынан кадр, актер Азиз Мурадиллаев Алымбек датканын ролунда
Курманжан датка тасмасынан кадр, актер Азиз Мурадиллаев Алымбек датканын ролунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурадиллаевдин операциясы үчүн президент 500 миң сом бөлүп, ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын которуу демилгесин көтөрүшкөн.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Атактуу актер Азиз Мурадиллаевге биринчи операция жасалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине актердун жубайы Эльвира Жумалиева билдирди. 

Эскерте кетсек, буга чейин Facebook социалдык тармагындагы баракчасына белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматова таланттуу актер Азиз Мурадиллаевге жардам керектигин жазган. Анын бул демилгесин башкалар да колдоп, актерге акча чогултуу жараяны башталган болчу. Жогорку Кеңештин депутаттары дагы актерге жардам берүү маселесин талкуулашкан. Ал эми президент Мурадиллаевдин операциясы үчүн 500 миң сом бөлгөн.

"Жолдошума алгачкы операциясы жасалып, ийгиликтүү өттү. Москвага аны менен чогуу кеткен эжеси менен байланышсам учурда абалы жакшы экенин айтты. Азиздин кызыл өңгөчүнүн тамырларын байлаган (лигирование — ред.) операция жасалды", — деди Жумалиева. 

Маалыматтарда Мурадиллаевге боордун 4-даражадагы циррозу (кара сарык — ред.) диагнозу коюлганы айтылууда.

Таланттуу актер 1978-жылы 12-июнда Фрунзе шаарында актерлордун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Жогорку билимдүү. 2001-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык училищени аяктаган. Үй-бүлөлүү. Эки баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0