БИШКЕК, 7-окт. —Sputnik. Оштун Кара-Суу районундагы Мамажан айыл аймагында мүрзөлөрдү казып, маркумдардын сөөгүн кемирген чөөлөр табылган жок. Бул тууралуу Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Тиллабаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына билдирди.
Тиллабаевдин айтымында, жергиликтүү тургундар түнкүсүн 11 чөөнүн жүргөнүн көрүшкөн.
"Эки чөө жергиликтүү жашоочу Кенже Досбаев коюгон тузакка түшкөн. Ал эми калган чөөлөрдү атып жок кылуу үчүн Кара-Кулжадан атайын мергенчилерди чакырганбыз. Алар бир жума бою чөөлөрдү издешти. Бирок бирөө да табылган жок. Чөөлөр Мамажан айылындагы Машрап-Сай каналында байырлашкандыктан, ошол каналдын ичи менен Алай тарапты көздөй чыгып кеткен болушу мүмкүн", — деди айыл өкмөттүн жетекчиси.
Ал учурда Мамажан айылынын жашоочулары мурункудай кооптонбой, тынчтанып калганын кошумчалады.