КР жарандарын бошотуу маселеси Өзбекстандагы аза күтүүгө байланыштуу токтоп турат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЦветы на церемонии похорон президента Узбекистана Ислама Каримова.
Цветы на церемонии похорон президента Узбекистана Ислама Каримова. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстан 22-август күнү Үңкүр-Тоодо иштеген кыргызстандык төрт жаранды кармап кеткен. Ошондон бери алар Янгикурган районунун ички иштер бөлүмүндө кармалып турат.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстандык жарандарды бошотуу маселесин кароо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр Өзбекстандагы аза күтүү иш-чараларына байланыштуу токтоп турганын Мамлкеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 22-августунда такталбаган чек арага Өзбекстандын тик учагы келип конгон. Ал эми 24-августта Үңкүр-Тоодогу телемунаранын кызматкерлери Өзбекстандын Жаңы-Коргон РИИБине алып келинген

"Жарандарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр убактылуу токтотулду. Аза күтүү иш-чаралары аяктагандан кийин сүйлөшүүлөр жанданат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Өзбекстан эки күн мурда Кыргызстандын чек арасына жакын жерде аскерий машыгууларын баштаган.

"Аскерий машыгуулардын Үңкүр-Тоого эч кандай байланышы жок. Өзбекстан машыгуулар өтө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлаган", — деп Чек ара кызматынан билдиришти.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жума күнү каза болуп, өлкөдө үч күн аза күтүү жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0