Үңкүр-Тоо: кыргызстандык төрт жаран Өзбекстандын милиция бөлүмүнө алып келинди

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын жарандары учурда процессуалдык иш-чараларды өткөрүү максатында Өзбекстанга алып келинген.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Үңкүр-Тоодогу телемунаранын кызматкерлери Өзбекстандын Жаңы-Коргон РИИБине алып келинди. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек арасынан кирип-чыгууга чектөө коюлду
Буга чейин Өзбекстандын жети милиция кызматкери тик учак менен кыргыз-өзбек чек арасыныны талаш жериндеги Үңкүр-Тоого келип конгону айтылган. Коңшу өлкө ага чейин кыргыз чек арачылары тарабынан кармалган өзбек милиционерин бошотууну жана Орто-Токой суу сактагычындагы милиция постторун алууну талап кылышкан. 

Маалыматка ылайык, эки ведомствонун өкүлдөрү сүйлөшкөндөн кийин аталган милиционер мекенине кайтарылган.

Маалыматка ылайык, чек арачылар кыргыз-өзбек чек арасында күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Учурда Үңкүр-Тоо аймагына кошумча аскер кызматкерлери тартылды.

"Эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүүлөрдү улантып жатат. Процессуалдык иш-чараларды өткөрүү максатында телемунаранын төрт кызматкери учурда Өзбекстандын Жаңы-Коргон РИИБинде жүрөт. Тынчсызданууга эч кандай себеп жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Эки өлкө чек арачыларынын биргелешкен аракеттерин Башкы штабдын жетекчиси Бакыт Жылтыров жетектөөдө.

Чек ара кызматы жалпы жонунан кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу экенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0