ЖК: депутаттар 12-сентябрга чейин ишин токтоткон жок

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүПарламент Киргизии
Парламент Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү болгону пленардык жыйындарга гана чогулбайт.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Депутаттар 12-сентябрга чейин ишин токтотпогонун Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Республика — Ата-Журт фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов: Жогорку Кеңеште койлор отурган жок
Эске салсак, 1-сентябрда Жогорку Кеңеш күзгү сессияга чогулуп, КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев жайкы эс алууну 12-сентябрга чейин узартууну демилгелеген. Анын сунушун эл өкүлдөрү колдоого алышкан болчу.  

Аталган датага чейин иш календардык планга жараша профилдик комитеттерде уланат. Ошондой эле фракциялардын жыйындары дагы болуп турат.

Айрым депутаттардын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусунан улам Жогорку Кеңештин пленардык жыйындары гана болбойт деп айтылат билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0