00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Көп түкүрсө көл болот. Москвада өрттөнгөндөрдүн жакындарына каражат чогулууда

© AP Photo / Ivan SekretarevМосквада өрттөн каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүү
Москвада өрттөн каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттөн каза болгон энелердин артында 16 бала калды. Алардын эң кичүүсү эки жашта болсо, улуулары мектеп окуучулары.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Москва шаарындагы өрттөн каза болгон кыргыз жарандарынын жакындарына жардам берүү үчүн каражат чогултуу башталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Москва KG" гезитинин башкы редактору Жылдыз Осмонова билдирди.

27-август күнү Москва шаарынын түндүк-чыгыш аймагындагы Алтуфьевск шоссесинде жайгашкан "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, анда иштеген Кыргызстандын 14 жараны каза болгон. Алар 17ден 45 жашка чейинки кыз-келиндер болуп чыкты. Дагы үчөө оор абалда ооруканада жатат.

Москва шаарындагы өрт чыккан басмакана - Sputnik Кыргызстан
Өрттөн 14 кыргыз кызы каза болгон басмакана 4 жылдан бери текшерилген эмес
"Каргашалуу окуя болгон күнү Москва шаарындагы кыргыздар чогулуп, куран окутканбыз. Анан ошол жерде мекендештер менен сүйлөшүп, каза болгондордун жакындарына жардам берүү демилгесин көтөрдүк. Ошондон бери атайын эсеп ачылган. Бүгүнкү күндө 170 миң рубль чогулду. Мындан сырткары, Москва шаарындагы Садовод базарында иштегендер өзүнчө 104 миң чогултушуптур", — деди Осмонова.

Ал каза болгон жети эненин артында 16 бала калганын, көпчүлүгү жалгыз бой эне болгондуктан балдарды карай турган эч ким жок экени кошумчалады.

"Каза болгон энелердин артында 16 бала калды. Алардын эң кичинеси эки жашта болсо, чоңдору мектепте окуйт. Мына ошолорго жардам берүү максатында Facebook социалдык тармагында "Каргылачтар-2016" тайпасы ачылды. Учурда ыктыярчылар балдарга канцелярдык буюмдарды алып келип жатышат. Жардам берүү ошол тайпада уланат", — деди ал. 

Осмонова жардам берүүгө базардагы соодагерден тартып пол жууп болуп иштеген кыргыздарга чейин келип жатканын кошумчалады. 

"Москвадагы "Ысык-Көл" кафесинин ээси акысыз куран окутуу өткөрөлү деп келиптир. Дагы бир пол жууган эжеке айлыгын көтөрүп келгенде кыргыз элинин биримдигине суктандым", — деди мекендешибиз. 

Ал эми Москвадагы "Аксакалдар кеңешинин" мүчөсү, "Кыргыз биримдиги" коомунун төрагасы Абдыганы Шакиров шаардагы кыргыздардын баарын чогултуп, 15ке чукул кафеде түлөө өткөрүү пландалып жатканын билдирди. 

Юрий Лугвин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада өрттөн кыз-келиндерди куткарган орус жигит: кыргыздар мага туугандай
"Буга чейин Москва шаарындагы "Аксакалдар кеңеши" 4-сентябрда саат 11:00дө түлөө өткөрүү чечимине келгенбиз. Учурда 12 кафе (бир убакта) өткөрүүгө макулдугун берди. Мындан сырткары, каза болгондордун жакындарына акча чогултуу үчүн эсеп ачылган. Түлөөдөн кийин ошол эсепке түшкөн каражаттар жакындарына таратылат", — деди Шакиров. 

Ал ортодо Россиянын өкмөтү өрттөн каза болгон кыргыз жарандары мыйзамдуу түрдө иштеп жатканы аныкталса, 1 миллион рублдан төлөнүшү мүмкүн экенин жар салды. 

Ал эми Бишкектеги "Айчүрөк" дүкөнүнүн башкы директору Михаил Михин аталган дүкөн тарабынан да өрттөн каза болгондордун жакындарына каражат бөлүнөрүн билдирди.

"Учурда так суммасы эсептелип жатат. Биздин дүкөндүн атынан да каражат бөлөбүз. Буга чейин ремонттон өткөн фонтандын ачылыш салтанатында концерт уюштурууну ниет кылдык эле. Каргашалуу окуяга байланыштуу концертти токтотуп, ага кеткен чыгымдарды каза болгондордун жакындарына бермей болдук", — деди Михин. 

Эки айылдашы каза болгон Төөлөс айылынын (Ноокат району) тургуну Мыктыбек Темиров айылдык фонд тарабынан каза болгондорго акча чогултулуп жатканын айтты. 

"Каргашалуу окуядан эки айылдашыбыз каза болуптур. Мындай күндө бири-бирибизге жардам беришибиз керек да. Ошондуктан биздин айылдык фонд тарабынан акча чогултулууда", — деди Темиров. 

Башка түшкөн кыйын күндө америкалык кыргыздар да четте калбай, кайрымдуулук үчүн каражат чогултуучу GoFundMe сайты аркылуу акча чогултуунун баштады.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков спикердин фондунан каза болгондордун жакындарына 1 миллион сом бөлгөн.

Москвадагы басмаканада чыккан өрттүн хронологиясын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0