Өзбекстан милициясынын 4 кыргыз жаранын кармап кетиши боюнча кылмыш иши козголду

Жазылуу
Адам уурдоо беренеси менен козголгон кылмыш ишин Аксы райондук ички иштер бөлүмү тергейт.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Үңкүр-Тоодогу телемунаранын кызматкерлеринин Өзбекстандын милициясы тарабынан кармалышы боюнча Кыргызстанда кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин орун басары Курсан Асанов билдирди. 

Анын айтымында козголгон кылмыш ишин Аксы райондук ички иштер бөлүмү иликтейт.

"Үңкүр-Тоодогу кыргыздардын Өзбекстан тараптан алынып кетиши боюнча Кылмыш жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголду. Ишти иликтөөнү Ички иштер министрлигинин Аксы райондук бөлүмү жүргүзүп жатат", — деди Асанов.

Ал учурда кыргыз жарандарын бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Митинг жителей Аксы по вопросам Ункур-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Аксыда Үңкүр-Тоого байланышкан жагдайдан улам жергиликтүү эл митингге чыкты
Эске сала кетсек, бүгүн, 27-августта Аксы районунун борбору Кербен шаарында митинг өтүп, жергиликтүү тургундар Үңкүр-Тоо боюнча меселени батыраак чечүү талабын койгон.

Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу жерде жайгашкан Үңкүр-Тоого коңшу өлкөнүн жети милиция кызматкери тик учак менен конгон. Мындай кадамды түшүндүрүү талабына өзбекстандыктар буга чейин кыргыз чек арачылар тарабынан кармалган өзбек милиционерин бошотуу жана Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы милиция постторуналуу талабын коюшкан.Сүйлөшүүлөрдөн соң аталган кызматкер бошотулган

24-август күнү коңшу өлкөнүн чек арачылары Үңкүр-Тоодо орнотулган телемунарада иштеген төрт кыргызстандык адисти кармап кетип, аларды Янги-Курган райондук милициясына алып барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0