Вице-премьер Разаков өзбекстандык милиционердин кармалганын тастыктады

Жазылуу
Учурда коңшу мамлекеттин тартип коргоо органынын кызматкерин кармоо фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы кабарланды.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Ала-Бука районунда чек араны мыйзамсыз кесип өткөн өзбек милиционери кармалды. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин вице-премьер Жеңишбек Разаков тастыктады.

Анын айтымында, аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Вице-премьер мындан башка маалыматтарды тактаган жок. Разаков мындан сырткары буга чейин бул чырга атайын даярдыктагы "Скорпион" отряды катышкан деген маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. 

Чек арачылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы штаб: КР аскерлери кыргыз-өзбек чек арасында чуу салды делген маалымат калп
Эскерте кетсек, коңшу өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары 13-август күнү Кыргызстандын атайын даярдыктагы аскерлери (Скорпион) "Дамба-5" кыргыз-өзбек чек арасына тартылганын жазып чыгышкан. Андагы маалыматтарга ылайык, кыргыз аскерлери өзбек милиция кызматкерлерине тиш кайрап, аталган жер кыргыздарга тиешелүү экенин айтып, суу сактагычка кирүүгө аракет көргөн. 

Ал эми өткөрбөй койгон милиция кызматкерлерин коркутуу үчүн кыргыз аскери жерди көздөй ок чыгарган. 

Маалыматта Өзбекстандын Наманган облусунун Ички иштер башкармалыгы бир милиция кызматкери барымтага алынып, Кыргызстан тарапка киргизилип кеткендигин билдиргени айтылган. 

Ал эми КР Башкы штабы өзбек тарап маалымдагандай окуя катталбаганын, ал калп деп баса белгилеп айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0