Башкы штаб: КР аскерлери кыргыз-өзбек чек арасында чуу салды делген маалымат калп

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүЧек арачылар. Архив
Чек арачылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстандын атайын даярдыктагы аскерлери тополоң салды деген маалымат тараткан.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстандын атайын даярдыктагы аскерлери Өзбекстандын чек арасында чатак салды деген маалымат чындыкка коошпойт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Башкы штабдын маалымат кызматы билдирди. 

Чек ара пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасынан жасалма паспорт менен аял кармалды
Эскерте кетсек, коңшу өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары 13-август күнү Кыргызстандын атайын даярдыктагы аскерлери (Скорпион) "Дамба-5" кыргыз-өзбек чек арасына тартылганын жазып чыгышкан. Андагы маалыматтарга ылайык, кыргыз аскерлери өзбек милиция кызматкерлерине тиш кайрап, аталган жер кыргыздарга тиешелүү экенин айтып, суу сактагычка кирүүгө аракет көргөн. 

Ал эми өткөрбөй койгон милиция кызматкерлерин коркутуу үчүн кыргыз аскерлери жерди аткылашкан. 

Өзбекстандын Ички иштер башкармалыгы бир милиция кызматкери барымтага алынып, Кыргызстан тарапка киргизилип кеткендигин билдирди. 

Ал эми КР Башкы штабы өзбек тарап маалымдагандай окуя катталбаганын баса белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0