Маданият министрлиги: "көлдүк мамонттун" сөөгүн изилдөө иштери жүрүп жатат

© пресс-служба полномочного представителя Правительства КР в Иссык-Кульской областиКөлдө табылган мамонтко окшош жандыктын сөөгү. Архив
Көлдө табылган мамонтко окшош жандыктын сөөгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис учурда Илимдер академиясында иштеген палеонтолог жана Айыл чарба министрлигинин сөөктү калыбына келтирүү боюнча адиси менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Көлдө табылган мамонтко окшош жандыктын сөөгүн изилдөө иштерин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жергиликтүү бийлик, Илимдер академиясы жана Айыл чарба министрлиги менен бирге өткөрүп жатат. Бул тууралуу министрликтин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев билдирди.

Эскерте кетсек, 10-март күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң суунун боюндагы жардан жергиликтүү тургундар мамонтко окшош жандыктын баш сөөгү табышкан.

Жолдошевдин айтымында, учурда Илимдер академиясында иштеген палеонтолог жана Айыл чарба министрлигинин сөөктү калыбына келтирүү боюнча адиси менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"Ушу тапта сөөк табылган жер курчоого алынып, милициянын кайтаруусунда турат. Анын илимий баалуулугун кемитпей, бардык чоо-жайы иликтенет. Сөөктү изилдей турган комиссиянын курамы такталып жатат", — деди адис.

Жолдошев сөөктү Бишкектеги музейге алып келүү маселеси да каралып жатканын кошумчалады.

"Борбордо сөөк менен кенен иштей турган адистер жетиштүү. Эгер керек болсо чет элдик адистерди чакырууга да аракеттер көрүлөт", — деди ал.

Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда 1978-жылы да мамонттун тиши менен мүйүзү табылганын Каракол аймак таануу музейинин адиси Бурул Сулайманова билдирген.

Көлдүктөр мамонтко окшош жандыктын сөөгүн кандайча табышканын Sputnik видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0