Кулматов таштанды менен күрөшүүнү жеке ишканаларга өткөрүп берет

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаар башчысы Кубанычбек Кулматов. Архив
Бишкек шаар башчысы Кубанычбек Кулматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин мэринин айтымында, анын жыл аягына чейин таштанды маселесин чечүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Таштанды көйгөйүн чечүүдө аягына чейин тура турганын, бул мэр үчүн принципиалдуу маселе экенин шаар башчысы Кубанычбек Кулматов Sputnik агенттигине билдирди.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Кулматовдун өз милдетин аткара албай жатканын, эгер таштанды маселесин чечпесе, кызматынан кетерин белгилеген.

Кулматовдун айтымында, өлкө башчынын сын пикири орундуу, маселе жетер чегине жеткен. 

"Тазалык" ишканасынын ишмердүүлүгү менен шаардыктар эле эмес, мэриянын өзү да нааразы. Мындан тышкары, аталган көйгөйдүн субъективдүү жана объективдүү себептери бар", — деди Кулматов.

Шаар башчысы Октябрь районунда тазалоочу техника атайылап иштен чыгарылгандыктан, таштанды кол менен чыгарылып жатканын белгиледи.

"Албетте, бул иштин жыйынтыгына терс таасир тийгизип, шаар тургундарынын кыжырына тийүүдө. Бирок, биз маселени өз пайдабызга чечүүгө жетиштик", — деди мэр.

Кулматов жыл аягына чейин шаарды таштандыдан арылтууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады. Анын айтымында, учурда таштанды чыгарууга эки жеке компания кызыкдар, алар муниципалдык ишканага атаандаш болууга жөндөмдүү. 

"Аларга болгону кымбат баалуу техниканын акчасы өзүн актайт деген кепилдик керек. Биз аларга мыкты шарттарды түзүп берүүнү максаттап жатабыз", — деди калаа башчысы. 

Мэр аталган компанияларга шаардын эки району берилерин, калган эки райондо азырынча "Тазалык" ишканасы иш алып бара турганын кошумчалады. "Тазалыкка" Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каражатына алынган техника жардамдашат.

"Гранттык каражатка алынган 30 унаа жана кошумча таштанды челектер ишке киргизилет. Бирок бул техника бардык маселени чечпейт, үйүлүп жаткан акыр-чикир таштандыдан да арылуу керек", — деди шаар башчысы.

Кулматов шаардыктардын өздөрү да таштанды маселесине кайдыгер болбошу керектигин, пакеттерди көрүнгөн жерге эмес, атайы челектерге таштоо керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0