Британиялыктар менен француздардын жарымынан көбү ЕБдин Украинаны каржылоосуна каршы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүАрхив: Украинанын жана Евробиримдиктин байрактар
Архив: Украинанын жана Евробиримдиктин байрактар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европалыктардын жарымынан көбү Украинанын экономикасына каржылык жардам көрсөтүүнү улантуу ашыкча деп эсептейт. Буга айрыкча Британия менен Франциянын тургундары каршы экендигин ICM Research агенттигинин Sputnik үчүн жүргүзгөн сурамжылоосу көрсөттү.

БИШКЕК, 20-дек — Sputnik. Европалыктардын жарымынан көбү Украинанын экономикасына каржылык жардам көрсөтүүнү улантуу ашыкча деп эсептейт. Буга айрыкча Британия менен Франциянын тургундары каршы экендигин ICM Research агенттигинин Sputnik үчүн жүргүзгөн сурамжылоосу көрсөттү. 

Изилдөө 5-17-декабрда Францияда, Британияда жана Германияда жүргүзүлгөн. Бардыгы болуп сурамжылоого 3013 адам (Улуу Британияда 1001, Германияда 1001, Францияда 1011) катышкан. Ар бир өлкө боюнча сурамжылоого тандалып алынгандар жынысы, жаш-курагы, жана географиялык өзгөчөлүгү боюнча ар түрдүү топторго кирет. Ишенимдүүлүктүн 95% мүмкүндүгүн эсепке алганда ар бир өлкө боюнча маалыматка болгон ишеним +/- 3,1%ды түзөт.

Кордес: санкция Россиянын экономикасы менен саясатын чөгөлөтө албайт
Сурамжыланган өлкөлөрдүн жалпы калкынын 55%ы Европа биримдиги Украинага мындан ары акча бөлүп бербеши керек деп эсептейт. Болгону үчтөн бири гана, башкача айтканда 35%ы, каржылык жардамды көбөйтүш керек деген ойдо. Үстүдөгү жылдын май айынан бери Украинаны макрокаржылык колдоо боюнча жалпы көлөмү 1,6 миллиард еврону түзгөн эки программанын алкагында Европа биримдиги өлкөгө 860 миллион евро бөлүп берген. 

Ошону менен бирге, сурамжылоонун натыйжалары көрсөткөндөй, өлкөлөр боюнча өз алдынча алынган пикирлер олуттуу айырмаланып турат. 

Алсак, Украинага каржылык көрсөтүүгө Германиянын көз карашы баарынынкан оң. Ал жерде сурамжылангандардын 55%ы каржылык колдоону көбөйтүүнү жактаган, ал эми 39%ы буга каршы пикирин билдирген. 

Ошол эле учурда Улуу Британия менен Францияда, тескерисинче, мындан ары каржылык көрсөтүүгө көпчүлүгү каршы – респонденттердин 59 жана 66%ы мындан аркы каржылоо жөнүндө суроого терс жооп беришкен. 

Ал эми аталган суроо боюнча айкын пикирге келе албагандардын саны өтө аз. Улуу Британияда респонденттердин 14%ы, Германияда 6%, Францияда болсо 10% Европа биримдигинин Украинага каршылык салымын көбөйтүүсү жөнүндө суроого "билбейм" деп жооп беришкен.

ICM Researchтин сурамжылоолоруна ылайык, британиялыктар менен француздардын жарымынан көбү ЕБнын Украинаны каржылоосуна каршы, европалыктардын төрттөн биринен азы ЕБ санкциялар жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алды деп эсептейт. Европалыктардын үчтөн бири РФке каршы санкциялар Украинадагы каатчылыкты чечпейт деп эсептейт. Британиялыктардын, француздардын жана немистердин дээрлик жарымы ЕБнын көбүрөөк көз карандысыздыгын каалайт.

Украинадагы каатчылык: 2014-жылдын декабрындагы тирешүүчүлүк боюнча окуянын ырааттуу өнүгүшү 

Өкмөткө каршы массалык акциялар Украинанын түштүк-чыгыш облустарында 2014-жылдын февралында башталган. Бул өлкөдө бийлик зомбулук жолу менен алмашылып, андан кийин орус тилине аймактык статусун ыйгарган мыйзамды алып салууга Жогорку Раданын жасаган аракетине жергиликтүү тургундардын кылган жообу болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0