Британия, Франция, немис жарандарынын дээрлик жарымы ЕБнын көбүрөөк көз каранды болушун каалайт

© Sputnik / Борис Приходько / Медиабанкка өтүүФлаги стран-участниц 9-го саммита Россия-ЕС в Москве
Флаги стран-участниц 9-го саммита Россия-ЕС в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ICM Research агенттиги Sputnik тапшырыгы менен жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, сурамжыланган өлкөлөрдүн 46% калкы Европа биримдиги өз иш-аракеттеринде АКШдан көбүрөөк көз карандысыз болушу керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 20 дек — Sputnik. Европанын сурамжылоо жүргүзүлгөн алдыңкы үч өлкөсүнүн (Улуу Британиянын, Франциянын жана Германиянын) тургундарынын дээрлик жарымы Европа АКШдан көз карандысыз саясат жүргүзүшү керек деп эсептей тургандыгын Sputnik тапшырыгы менен жүргүзүлгөн ICM Research агенттигинин сурамжылоосу көрсөттү.

ICM Research компаниясы өз сурамжылоолорун Улуу Британиянын, Франциянын жана Германиянын тургундарынын арасында быйылкы жылдын 5 – 17-декабрында жүргүзгөн. Анда 3 миңден ашык адам катышкан. 

Европалыктардын төрттөн биринен азы ЕБ санкциялар жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алды деп эсептейт
Изилдөөгө ылайык, сурамжылоо жүргүзүлгөн өлкөлөрдүн калкынын дээрлик жарымы (46%) Европа биримдиги иш-аракет жүргүзүүдө АКШдан көбүрөөк көз карандысыз болушу керек деп эсептейт. Жана 15%ы гана океандын ары жагындагы ойлорго жакшыраак кулак салышы керек деген ишеничте. 

Европа биримдигинин саясий көз карандысыздыкка бет алышын баарынан көп Германияда колдошот. Бул өлкөдө сурамжылангандардын 62%ы ушул пикирде. Франция 39% жана Улуу Британияда 38% да ЕБ көбүрөөк көз карандысыз иш-аракет кылышы керек деп эсептейт. Француз жана британиялык респонденттеринин 13%ы гана Брюссель өз саясатын жүргүзүүдө АКШдан анча көз карандысыз болбошу керек деп эсептейт. Ошол эле учурда Германияда 18% (башка өлкөлөрдөгү 13%га салыштырганда) ЕБ менен АКШ көбүрөөк макуладышып иш кылышын колдойт. Жана 15%ы гана ЕБ ансыз деле жетишээрлик көз карандысыз аракеттерди жасап жатат деп эсептейт. 

Өз алдынчалуулук жөнүндө суроо Францияда (15%) жана Британияда (14%) эң көп кыйынчылык жаратты. Мындай так жооп бере албагандардын саны Германияда 5% гана болушу көңүлгө аларлык. 

ICM Researchтин сурамжылоолоруна ылайык, британиялыктар менен француздардын жарымынан көбү ЕБнын Украинаны каржылоосуна каршы, европалыктардын төрттөн биринен азы ЕБ санкциялар жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алды деп эсептейт. Европалыктардын үчтөн бири РФке каршы санкциялар Украинадагы каатчылыкты чечпейт деп эсептейт. Британиялыктардын, француздардын жана немистердин дээрлик жарымы ЕБнын көбүрөөк көз карандысыздыгын каалайт.

Россия менен Батыштын мамилелери Украинадагы кырдаалга байланыштуу начарлап кеткен. Июлдун аягында ЕБ менен АКШ айрым адамдар менен компанияларга каршы даректүү санкциялардан Россия экономикасынын бүтүндөй тармактарына каршы санкцияларга өткөн. Россия буга жооп кылып өзүнө каршы санкция киргизген өлкөлөрдөн: АКШдан, ЕБ өлкөлөрүнөн, Канададан, Австралиядан жана Норвегиядан азык-түлүк товарларынын импорттолушун чектеген. 

АКШ менен ЕБ Россиянын саясатчылары менен ишкерлерине каршы санкцияларды кантип киргизишти

АКШ менен ЕБ КРымдын Россияга кошулушун тааныган жок жана Москвага Украинанын ишине кийлигишкендик айыбын коюуда. Россия муну моюнга албайт жана мындай айыптоолорду орунсуз деп эсептейт. Батыш өлкөлөрү март айнан тартып Россиянын бир катар саясатчыларына, ишкерлерине жана компанияларына каршы бир нече ирет санкцияларды киргизип, чек коюу чараларын дагы кеңейтебиз деп коркутушкан. Акыркы жолу санкциялар сентябрь айында киргизилген. 

Россия Батыштын санкцияларына кандайча жооп берди

Россиянын президенти Владимир Путин 6-августта коопсуздукту камсыз кылуу үчүн айрым атайын экономикалык чараларды көрүү жөнүндө жарлыкка кол коюп, ага ылайык Москвага каршы санкцияларды киргизген бир катар өлкөлөрдөн азык-түлүктү импорттоого бир жылга чек коюлган. Тийиштүү тизмеге уйдун, канаттуулардын, чочконун эти, жемиштер, быштак жана сүт азыктары, жаңгактар ж.б. азык-түлүктөр кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0