Референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун 90 депутат колдоду

© Sputnik / Табылды КадырбековКонституция Кыргызской Республики
Конституция Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мыйзам долбоору каралган учурда кызуу талкуу жаралып, "ата мекенчилер" менен КСДП, "Республика — Ата-Журт" фракциясынын эл өкүлдөрү кайым айтышкан.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды. 

Первые картинки настоящей зимы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кызыл чеке талаштан соң референдум дайындоо демилгеси добуш берүүгө жөнөтүлдү
Аталган мыйзам долбооруна 90 депутат макул, 14 эл өкүлү каршы добуш беришти. 

Эске сала кетсек, аталган мыйзам долбоору каралган учурда кызуу талкуу жаралып, "Ата Мекен" менен "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаттары каршы пикирлерин билдиришсе, КСДП, "Республика — Ата-Журт" фракциясынын эл өкүлдөрү колдой тургандыгын айтышкан.

Мыйзам долбооруна ылайык, алгач референдумду 4-декабрь күнү өткөрүү пландалган. Кийинчерээк бул күн жылып, депутат Улан Примов элдик добуш берүүнү 11-декабрь күнү өткөрүүнү сунуштап, аны Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети жактырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0