Кызыл чеке талаштан соң референдум дайындоо демилгеси добуш берүүгө жөнөтүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПервые картинки настоящей зимы в Бишкеке
Первые картинки настоящей зимы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламентте кайрадан Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып, эл өкүлдөрүнүн ортосунда жандуу талкуу жаралды.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Жогорку Кеңеште Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду дайындоо мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кызуу талкууга жем таштады. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Каныбек Иманалиев
Депутат Каныбек Иманалиев  - Sputnik Кыргызстан
Депутат Каныбек Иманалиев

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев өзгөртүүлөргө каршы пикирин билдирди. 

"Бул Конституцияны өзгөртүү боюнча алгач эле ээрге кыйшык отурдуңар. Москвада кыздарыбыз өрттөн каза болуп, аза күтүп жатканыбызда түштөн кийин коомдук талкууга коюлду. Бул акылга сыйбайт. Учурда Баш мыйзамдын түп нускасын таппай жатабыз. Бүгүндөн баштап Конституцияны өзгөртүү боюнча аракетти жазга чейин токтотолу", — деди Каныбек Иманалиев. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Алмамбет Шыкмаматов
Депутат Алмамбет Шыкмаматов - Sputnik Кыргызстан
Депутат Алмамбет Шыкмаматов
Ал эми Алмамбет Шыкмаматов мыйзам боюнча Конституциянын түп нускасы президенттин аппаратында сакталышы керектигин айтып, бүгүнкү күнгө чейин түп нусканын бар-жогуна көз салбаган тиешелүү кызматкерлерди жоопко тартуу керектигин айтты. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев
Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев - Sputnik Кыргызстан
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча шашпоого чакырып, мыйзамсыз жол менен өзгөртүү киргизилип жатканын кошумчаласа, "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Баш мыйзамдын түп нускасын издөө менен убакытты кетирбөөгө чакырды. 

"Учурда талкуу болуп жаткан Баш мыйзамдын түп нускасынын бар-жогу боюнча талкуу — болбогон сөз. Убактыбызды эффективдүү пайдаланбайлыбы. Бизди башка жакка буруп баратат. Андыктан бул жакта убакытты текке кетирбей, тема боюнча сүйлөшөлү", — деди Бабанов.

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезиденттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев
Полномочный представитель президента в ЖК Молдакун Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев
Ал эми президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев тактоо киргизип жатканын айтып, архивде Баш мыйзамдын түп нускасы бар экенин айтты. 

"Урматтуу депутаттар, Конституциянын түп нускасы боюнча тактоо киргизип кетсем. Негизи архивде Убактылуу Өкмөт кабыл алып, Роза Отунбаева кол койгон мыйзам, ага тиркелген Конституциянын түп нускасы бар. Мен болгону ошону түп нуска деп эсептесе болобу дегенди айттым. Анткени анда карандаш менен оңдолуп, ар кандай шрифтер менен жазылган экен", — деди ал. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бир Бол" фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова
Депутат Чолпон Джакупова - Sputnik Кыргызстан
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова депутаттарды жоопкерчиликке чакырды. 

"Мен учурдагы Конституциянын фанаты эмесмин. Анткени кемчиликтери абдан көп болчу. Логика боюнча аны өзгөртүүнү колдошум керек эле. Бирок мен өзгөртүүлөрдү колдой албайм. Анткени жаңы өзгөртүүлөр андан да жаман болууда. Өзгөртүүлөр кирсе жоопкерчилик биздин моюнга илинет. Албетте маселени эл чечет. Мен болгону элди эскерттим", — деди Жакупова. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП лидери Иса Өмүркулов
Депутат Иса Омуркулов - Sputnik Кыргызстан
КСДП лидери Иса Өмүркулов
КСДП лидери Иса Өмүркулов бардык өзгөртүүлөр мыйзамдуу болуп жатканын айтып, элдин кызыкчылыгы корголуп жатканын кошумчалады.

Жандуу талкуудан кийин мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр жана референдум тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0