Бакыт Төрөбаев: коалиция чала жан болуп калды, "перезагрузка" кылуу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев. Архив
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери ийри отуруп түз кеңешүүгө чакырды.
Бакыт Төрөбаев: коалиция чала жан болуп калды, "перезагрузка" кылуу керек

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Коалиция реанимацияга түшүп, атайын аппараттын жардамы менен дем алып жатат. Мындай пикирин "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламентте сүйлөп жатып билдирди. 

Эске сала кетсек, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин төрагасын шайлоо учурунда бир катар пикир келишпестиктер чыгып, Бакыт Төрөбаев менен Иса Өмүркулов кайым айтыша кеткен. 

"Учурда коалиция де-юре болгону менен де-факто болуп жатат. Же коалиция реанимацияга түшүп, атайын аппараттын жардамы менен дем алып калды. Андыктан коалицияны "перезагрузка" кылышыбыз керек. Ошол үчүн бүгүн кечке чейин лидерлер чогулуп, ийри отуруп түз кеңешип чечим кабыл алалы", — деди Төрөбаев. 

Буга чейин Өмүркулов пикир келишпестиктер болсо Өмүрбек Текебаев менен Бакыт Төрөбаевге коалициядан чыгып кетүү керектигин айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0