Коррупцияга каршы кызматынын директорлугуна Улан Исраилов дайындалды

Жазылуу
Мекеменин мурунку жетекчиси Бөкөнбай Казаков өз арызынын негизинде кызматтан бошотулганы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын директорлук кызматына Улан Исраилов дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-март күнү кол койду.

Буга чейин мекеменин мурунку жетекчиси Бөкөнбай Казаков өз арызынын негизинде кызматтан бошотулганы белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0