Парламенттик көпчүлүк коалициясын КСДП түзмөй болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет жетекчиси Алмазбек Атамбаев аталган фракциянын лидери Чыныбай Турсунбековду кабыл алды.
Мамлекет жетекчиси Алмазбек Атамбаев аталган фракциянын лидери Чыныбай Турсунбековду кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттик көпчүлүк коалициясы 15 күндүн аралыгында түзүлүшү шарт.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясын түзүү укугун КСДП фракциясына берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кенеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин фракцияларынын лидерлери аталды
Мамлекет жетекчиси аталган фракциянын лидери Чыныбай Турсунбековду кабыл алып жатып, мамлекеттик бийликтин башкы милдети Кыргызстандын 2013-2017-жылдарга карата түзүлгөн Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу экенин баса белгиледи. 

Коюлган милдеттерди так аткаруу үчүн парламенттик коалициянын жаңы түзүлө турган өкмөт менен эриш-аркак иш алып баруусу зарыл экенин кошумчалады. 

Парламенттик көпчүлүк коалициясы 15 күндүн аралыгында түзүлүшү шарт.

Жаңылыктар түрмөгү
0