Жогорку Кеңештин фракцияларынын лидерлери аталды

Жазылуу
Жаңы чакырылыштагы 120 депутат БШК төрагасынын колунан мандаттарын алып, ант беришти.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешке келген алты фракциянын лидерлери ким болору аныкталды.

Шаршемби күнү жаңы парламенттин биринчи жыйыны болуп, 120 депутат мандаттарын алып, ант беришти.

Жогорку Кенештеги депутаттын портфели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы өз ишин баштады
КСДП фракциясын буга чейин жетектеп келген Чыныбай Турсунбеков кайтадан лидер болуп калды.

"Республики — Ата-Журт" фракциясын Өмүрбек Бабанов жетектей турган болду.

Ал эми "Кыргызстан" фракциясын Канат Исаев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясын Бакыт Төрөбаев, "Бир Бол" фракциясын Алтынбек Сулайманов жана "Ата Мекенди" Өмүрбек Текебаев жетектемей болду.

Эми Жогорку Кеңеште үч күн ичинде коалициялык көпчүлүк түзүлүп, төрага шайланышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0