Байкоочу кеңеш КТРКнын башчысына талапкерлерди маектешүүдөн өткөрүүдө

Жазылуу
КТРКнын жетекчилигине талапкер болгондордун бири Аскат Алагөзов азыр тизмеде 13 адам бар экендигин билдирди. Алардын ар бири телекорпорациянын байкоочу кеңешинин тандаоосунна- маектешүүдөн өтөт.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. КТРКнын байкоочу кеңеши телекорпорациянын башкы директорлугуна талапкерлерди тандоонун биринчи этабын баштады деп билдирди Sputnik маалымат сайтына талапкерлердин бири Аскат Алагөзов.

КТРКнын жетекчилигине бардыгы болуп 13 киши талапкерлигин коюп жатат: КТРКнын башкы директорунун милдетинин аткаруучу Илим Карыпбеков, КТРКнын Нарын облусу боюнча кабарчысы Бөлөкбай Шеримбеков, ОшТВнын мурдагы жетекчиси Сюита Соурбаева, "Кумбел ЛТД" ишканасынын жетекчиси Ишен Айтмамбетов, андан сырткары Алмаз Сапаров, Сталик Дуйшөлиев, Кубаныч Эсенбаев, тележурналист Аскат Алагөзов, "Жаны муун" саясий кыймылынын лидери Тимур Саралаев, Азис Шаршенбаев, Жээнбек Камбаралиев, Кадыр Кошалиев жана Өмүрали Арызкулов.

Аскат Алагөзовдун айтымында, талапкерлер учурда тандоо-маектешүүдөн өтүү үчүн кезегин күтүп жатат. 

Коомдук телерадиокорпорациянын мурдагы жетекчиси Султан Жумагулов өзүнүн каалоосу менен отставкага кеткен. Анын арызын байкоочу кеңеш бир добуштан кабыл алып, ордуна милдетин аткарып турганга Илим Карыпбековду шайлашкан

Жаңылыктар түрмөгү
0